• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Садыр Жапаровдун мурдагы үйү сатыкка коюлду

30 Жетинин айы 202112:53 Бишкек Govori.TV

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, сатуу 2021-жылы 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.

“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу» механизми боюнча ижарага берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров өзү жашап келген турак жайдын документтерин «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» тапшырган.

Количество просмотров: 1539