Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 30-апрелде камакта отурган экс-депутат Садыр Жапапровдун иши жогорку сотто каралып жатат. Сот отурумунда прокурор соттон Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Залда отургандар прокурорго карата наалат сөздөрүн айтышты. «С.Жапаровдун күнөөсү жок, камакта отуруп, атасынан да апасынан да айрылды. Адилетүү чечим чыгаргыла»,-деп жаалашты соттук отурумдагылар.
“Садырдын кайсы күнөсүнө 10 жылга кескиле деп жатасыңар” деген сөздөр менен чуу салышууда.
Сот отурумунда Жапаровдун туугандары менен тарапташтары прокурордун өтүнүчүнө нараазы болуп, отурумда ызы-чуу салышты.