Кыргызстанда камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо фонду түзүлдү, аны Жапаровдун жубайы жетектейт. Саясатчынын жубайынын атына Элсом номурга эсеп ачылган, ал жакка каалоочулар каражат которо алышат.
Ал эми активист Мелис Аспековдун айтымында мындай ойду саясатчынын тарапташтары өздөрү сунуш кылышкан.
«Көпчүлүгү жумуштарынан улам кол чогултуу же митинг сыяктуу иш-чараларда катыша алышпайт, бирок жардам бергилери келет. Алар келип жардамын берип кетишчү. Башаламандык жаралбоосу учүн бирдик эсеп ачууну туура көрдүк. Каражат фонддун керектөөлөрүнө жумшалат», — деди Аспеков.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде соттолгон. Анын кармалышын тарапташтары бийликтин куугунтугу катары баалап келишет.
Сот аны 11 жылга эркинен ажырратуу чечимин чыгарган.