• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Садыр Жапаровдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышат

1 Жалган куран 202017:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Садыр Жапаровдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышат.

Билдирүүгө ылайык, саясатчынын тарапташтары акция өтө турганын мэрияга кабарлап, эскертишкен.

«Мэрияга саясатчынын тарапташтары митинг тууралуу эскертме-билдирүү калтырышкан. Акция 2-мартка пландалыптыр. Аларды биз Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына жөнөттүк. «Коомдук тартипти сактагыла» деген бир эле талап койдук. Мэрияда акция өткөрүүгө уруксат берип же тыюу салган ыйгарым укук жок», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Количество просмотров: 100