Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү «Мисс Кыргызстан 2020» сулуулар сынагы болуп, анда 20 жаштагы модель Лаззат Нуркожоева жеңүүчү аталды.
Айрым маалыматтар боюнча, Лаззат президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууганы Дөөлөтбек Жапаровдун кызы.
Сынактан жеңип чыкканы үчүн ага BMW X5 үлгүсүндөгү унаа белек кылынды.
Маалым болгондой, Лаззат КМЮАнын студенти, 2018-жылы Кыргыз-Түрк лицейин аяктаган. 2016-жылы «Бишкек шаарынын мыкты модели» наамын жеңип алган, таэквондо менен алектенет.