• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Садыр Жапаровго боштондук» кыймылы штабына тыңшоо коюлганбы?

18 Бирдин айы 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

«Садыр Жапаровго боштондук» кыймылы штабына тыңшоо коюлган. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөлөрү билдирген. Алардын айтуусунда, тыңшоочу аппарат кыймылдын Бишкектеги башкы штабынын шыбына коюлганын 17-февралда штабдын мүчөлөрү аныкташкан.

«Биздин катарыбызда мурда коопсуздук кызматында иштегендер бар. Алар шыр эле «бул тыңшоочу жабдык, аны адистер койгону көрүнүп турат» деп айтышты. Биз дароо кеңсенин ээсин жана жергиликтүү милиция кызматкерлерин чакырдык. Алар дагы тыңшоочу аппарат экенин ырасташты».

Штаб мүчөлөрү тыңшоочу жабдыктарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети орноткон болуу керек деп шек санашууда.

Бул боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек

Количество просмотров: 74