Каныбек Сагынбаев Эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев Каныбек Сагынбаевди эмгек жамаатка тааныштырды.
Сагынбаев Каныбек Калыгулович 1985-жылы 11-ноябрда төрөлгөн. Бильярд боюнча спорт чебери, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону (2007, 2010, 2014).
Буга чейин олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин Айша Карымшакова жетектеп келген.