• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сахалинде сууга чөгүп каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт

3 Баш оона 201812:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.

Сахалинде сууга чөгүп бараткан кыздын өмүрүн сактап, бирок өзү чөгүп каза болгон кыргызстандык жигитке «Чөгүп бараткан адамды куткаргандыгы үчүн» медаль берилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымыматка ылайык, набыт болгон баланын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөөрү белгилүү болду.

Эске салсак, 17 жаштагы Жандарбек Кубаныч уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, кырсык болгондон 3 күндөн кийин жерге берилди. Ал 29-июлда Орусиянын Сахалин облусундагы Русское көлүндө сууга чөгүп бараткан кызды куткарам деп өзү суу чөгүп кеткен. Ал кыздын өмүрүн сактап калганга жетишкен.

Количество просмотров: 11