• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сахарово миграциялык борборунун филиалдары эми Кыргызстанда ачылат

14 Тогуздун айы 2022 16:30 Бишкек Govori.TV


Орусуя өлкөсү мигранттар үчүн шарттарды катаалдандырган. Мындай жагдай Кыргызстандык мигранттардын нараазычылыгын пайда кылууда.

Бул маселени чечүү үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жумушчу сапары менен Москва шаарына барып, алардын тиешелүү министрлери менен жолугуп, маселени талкуулап келген.


Жолугушууда Сахароводогу миграциялык борбордун филиалдарын өлкөнүн Бишкек жана Ош шаарларына ачуу макулдашылган. Жакынкы аралыкта келишимдер ашып, жаңы-жылга чейин ачылып калаарын айтты. Ачылгандан кийин Орусия өлкөсүнө иштөө үчүн бара жаткан жарандар, Кыргызстандан эле көзөмөлдөн өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.


Мындан сырткары Россия Федерациясы Кыргызстандын жарандарына башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жакшы шарт түзүп койгонуна токтолду.

Количество просмотров: 256