• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармалган атайын мекемеге барды

28 Баш оона 2023 17:43 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын Москва областындагы Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат.

«Мекемеде Акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту. Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты. Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду», — деп билдиришти мекемеден.

Кошумчалангандай, Акыйкатчы институтунун, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын Элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришкен.

Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алган.

Андан кийин Акыйкатчы Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышкан.

Количество просмотров: 144