Бишкекте кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылып жаткан эки борбор шаардагы Калкты тейлөө борборлору менен бирге 21-майдан тарта иштеп баштайт.
Алардын даректери:
Ленин району, «Фрунзе» ГМ, Садырбаев көчөсү 107 – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Биринчи Май району, мурунку ЖААК кеңсесинин имаратында, Тоголок Молдо көчөсү 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).
Алар чоң Калкты тейлөө борборлорунан айырмаланып, жарандарга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштыруу;
16 жашка толгондо (16 жаштагылар);
Жаш балдарга жалпы жарандык паспорт;
2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун жоголушу;
ПИН;
Сүйүнчү;
Даяр паспортторду берүү;
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
Жарандарды убактылуу турган жери боюнча каттоо;
Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо;
Туулгандыкты каттоо;
Өлгөндүктү каттоо;
Аталыкты аныктоону каттоо;
Никеге турууну каттоо.