Депутат Сайдулла Нышанов “Ата Мекен” партиясынан чыгып жатканын жарыялады.
“”Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгып кетип жатам бүгүн. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем”, – деди ал жалпы жыйында сүйлөп жатып.
Эске салсак, Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.