• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Саймаити КРнын финансы полициясы тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган

12 Жетинин айы 2019 15:50 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп көз жумжан ишкер Айэркен Саймаитини КРнын финансы полициясы тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Матраимовдун мүлкүн текшерип жаткан экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы ушул жылдын июль айында Саймаитиге эл аралык издөө салган.

Кошумчалай кетсек, каза болгон Айэркен Саимаитинин ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик изилдөөдө айтылып, Матраимовдордун фондуна каражат которгону айтылган болчу.

Учурда Айэркен Саимаитинин өлүмү иликтөөгө алынып, ага шектүү катары үч жаран кармалган. ЖМКлардын жазышынча колго түшкөн кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев менен Абдуллах Энвер. Шектүү катары кармалган сириялыктын аты Али Исбех.

Эске салсак, ишкер Айеркен Саимати Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Количество просмотров: 153