Айеркен Саймаити менен жубайы 5 жыл аралыгында (2010-2015-жылга чейин) 937 миллион доллардын тегерегиндеги каражатты Кыргызстандан которгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев билдирди.
«Саймаити «Абдраз» фирмасы аркылуу 318 миллион доллар жана жубайы аркылуу 26 миллион доллар которгон»,-деди Башкы прокуратуранын өкүлү.
Мындан сырткары, Кумарбек Байдылданын Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары жашыруун деген грифт коюлганын жана ал боюнча маалымат алуу аракети болуп жатканын кошумчалады.