• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абировдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

15 Жалган куран 2023 11:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбаева билдирди.

Комиссиянын курамына Дастан Бекешев, Айгүл Айдарова Бахридин Шабазов, Медербек Саккараев Жусупбек Коргонбай уулу, Бактыбек Чойбеков, Замирбек Мамасадыков, Фархад Алимжановдор кирди.

Башкы прокурордон депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча парламентке сунуш келип түшкөн. Аны тармактык комитет бүгүн, 15-мартта карады.

Эске салсак, 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган.

Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде жоопко тартуу сунуштамасын кечээ парламентке киргизген.

Количество просмотров: 709