• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу чыкты

22 Кулжа 2023 11:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы билдирди.

Убактылуу депутаттык комиссия Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган. Бул чечимге Гуля Кожокулова менен Фарходбек Алимжанов гана каршы чыкканы белгилүү болду.

Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.

Количество просмотров: 1529