• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сак болуңуз! Катуу шамал болушу күтүлөт

28 Теке 202014:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күндүн экинчи жарымында жана кечинде күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Жарандарга өздөрүнө сак болуу сунушталат.

Ал эми «Бишкекзеленхоз» эгер кулаган бак көрсөңөр төмөнкү номур аркылуу кабар берүүгө чакырат.

Байланыш номуру — 0770 830006.

Количество просмотров: 419