Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
“Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 тез жардам унаасы боюнча маселени чече элек”. Бул тууралуу министрликтин башкармалыгын башчысы Самат Тойматов билдирди. Анын айтымында, тез жардам унаасын тендер аркылуу жеңип алып, алып келген жеке компания министрлик жаратпай салган 7 унаанын үстүнө 91 миң Еврону кайра кайтарып берүүнү сунуштап жатат.
Бирок, адам өмүрүн тобокелге чалган, эрежелерге ылайык келбеген унааларды министрлик кабыл алала албайбыз. Бул боюнча чет элдик адистер да жыйынтык чыгарып берген. Ошондуктан бул ишти караган комиссия сотко кайрылууну карап жатат”,-деди ал.
Эске сала кетсек, өткөн жылы 1,18 млн. Еврого 15 тез жардамды тендер аркылуу сатып алып, бирок, алардын техникалык абалы тендердеги талаптарга шайкеш келбей, чыр чыккан.