Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №6 оорукананын аймагындагы доктор Исманкуловдун клиникасы ижарага алган имаратты кайтарууну пландап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
«Бул маселе менен бүгүнкү күндө Бишкек мэриясы алектенип жатат, муниципалитет мурда аталган имаратты ижарага берген. №6 оорукананын балансында мамлекеттик медициналык кызмат көрсөтүлүшү үчүн имаратты кайтарып алууну пландап жатабыз, -деди министрдин орун басары.
Буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болоорун билдирген эле.