• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Саламаттык сактоо министрлиги күйүк алган келинге жардам бермей болду

17 Чын куран 2023 9:57 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бир жыл мурун кырсыктан күйүк алган медайым Ырыскүл Съездбек кызы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Ырыскүл менен баарлашып, операцияны кайда жасай турганын тактап, Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөтүп, дарыланууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Министр борбордук аппараттын жамаатынын жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин атынан Ырыскүлгө операция үчүн акчалай жардам берип, сакайып кетишине тилектиштигин айтты»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 144