• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдагы коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат

24 Үчтүн айы 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктардан Кытайдагы коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат. Бул тууралуу маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Ал 2019-жылдын декабрынын акырында Кытайда коронавирус боюнча жагдай татаалдашып кеткенин эскертти.

«Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрүү пункттарында санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Вирустун белгилерин эрте аныктай турган жабдыктар коюлду, чек арадан өткөн жарандар сурамжылоодон өтүүдө», — деди Айнура Акматова.

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

Количество просмотров: 346