• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Саламаттык сактоо министрлигиндеги коллегиянын жыйынтыгында бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду

21 Бирдин айы 202219:07 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 2021-жылга карата коллегиянын жыйынтыгында бир катар жетекчилер ээлеген кызматтарынан четтетилди.

Министрликтин маалыматы боюнча, төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:

  • Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Муратбек Аляскаров;
  • Баткен районунун Кулунду аймактык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;
  • Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаев.
Количество просмотров: 183