• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Саламаттыкты сактоо министри кайрылуу жасады

29 Кулжа 2020 16:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарандарга кайрылды.

“Урматтуу жарандар жөнөкөй санитардык эрежелерди аткарыңыздар – беткап тагынып, колду бат-бат жууп туруңуздар. Той-топурларга барбасаңыздар. Бирөө ооруну жуктуруп келип, үйүндөгү башка адамдарга да жугузган учурлар болуп жатат. Мына дем алыш күндөрү коомдук унаалар токтотулуп, сыртта кишилер аз болду. Мындайча айтканда, абал курчуй бере турган болсо, кээ бир жерлерди жапканга, чектөө киргизгенге мажбур болобуз. Ошондуктан урматтуу мекендештер айткан кеңештерди так аткарсаңыздар, биринчиден өзүнүздү, экинчиден өзүнүздүн жаныңызда жүргөн туугандарыңызды, бала-чакаңызды, ата-энеңиздерди сактайсыз. Ооруп калсаңыздар өзүңүздөрдү-өзүңүз дарылабасаңыздар, кээ бир адамдардын кеңештерин укпасаңыздар. Дарыгерлерге кайрылыңыздар, биз чыгарган баракчаларды окуп, андагы кеңештерди так аткарсаңыздар өзүңүздүн ден соолугуңузга кам көргөн болосуз”, — деди ал.

Количество просмотров: 7508