• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары дайындалды

26 марта 2021 в 17:09 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жаңы орун басарлары жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.

Буга чейинки орун басарлар— Нурболот Үсөнбаев менен Мадамин Каратаев 25-мартта кызматтан кеткен болчу.

Количество просмотров: 146