Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.
Прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эсеп палатасында коррупциялык ишти аныктады. Министрлик аларга текшерүү үчүн келген аудиторду бюджеттик акчага Туринге эс алууга жиберген.
Башкы прокуратурадан билдирешкендей, былтыр Эсеп палатасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2016-жылдагы чыгымдардын текшерүүгө алган.
“Бул эки түзүмдүн өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Ден соолук 2″ программасы боюнча медиктерди окутуу болушу керектигине жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча аудит жыйынтыктала электигине карабай, Саламаттыкты сактоо минситрлигинин каржысына аудит жүргүзүп жаткан Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспекторун Италиянын Турин шаарына жиберишкен”, -дешти прокуратурадан.
Жыйынтыгында республикалык казынага дээрлик 460 миң сом чыгым болгонун жана азыр бул ишти УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы карап жатканы кошумчаланган.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул маселе боюнча ооз ачып, эсеп палатасынын инспекторун Италияга донорлордун эсебинен жиберилгенин айтышкан.
Маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министрлигинде донорлортарабынан каржыланып жаткан SWAp долбоору ишке ашырылууда. Донорлор менен келишимге ылайык сатып алуулар планын алар менен бирге чечүү каралган. Ошондуктан адисти окууга жиберүү керек болгон.
«Саламатык сактоо министрлиги Эсеп палатасына талапкер жиберүүнү суранган кат жөнөтүлгөн. Адис тандалган соң донорлор менен макулдашылып ал окууга жиберилген»,-деп жазылат маалыматта.