• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2 кызматкери коронавирус жуктурду

14 Чын куран 202017:15 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, алардын бири ыкчам штабдын ишине катышкан ведомство алдындагы саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкери. Ал эми экинчиси күзөт кызматынын кызматкери болчу.

«COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды. Жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү. Ооруну жуктургандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда», — деп айтылат расмий маалыматта.

Количество просмотров: 277