• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду

25 Бугу 201810:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек 25.05.18  Govori.tv

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Тийиштүү  буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Фото: Турмуш

Количество просмотров: 131