• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салянова: Бул алсыздык. Бул жигитчиликке дагы жатпайт.

21 Бирдин айы 2018 13:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.2018.Govori.TV
Бүгүн, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянова парламентте акыркы сөз алып сүйлөдү. Аида Салянова колундагы бийлигин колдонуп саясий өч алган адамды «ыйлаак балага» салыштырды.
«Бийликти пайдаланып өч алуу, мен үчүн баягы  бала алы келбегенде улуу агасын чакырып келип өзү менен тең балдарды сабаткан менен эле барабар. Бул алсыздык. Бул жигитчиликке дагы жатпайт. Бизден өч алам деген адамдар бизден таза, бизден бийик болушу керек эле. Мына ошондо биз жеңилмекпиз. Ошол оппозицияны  баш көтөргүс кылмак. Ошол деморализацияга алып келмек»,-деди Салянова.
Депутат Аида Салянова 2010-2011-жылы юстиция министри, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, 2011-2015-жылдары Башкы Прокурор, 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңеш депутаты болуп келди. Бишкек шаардык соту Аида Салянованы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп табылып, 5 жылга мөөнөтүн кийин өтөө жазасы менен соттолгон.
Количество просмотров: 32