• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салянованын соту 22-майга калды

8 Бугу 2018 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2018.Govori.TV

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын Жогорку сотто каралып жаткан соттук иши 22-майга калды.

Соттук коллегия караган отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова өзү жарыш сөзүн сүйлөдү. Салянова өзү күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирди.

Эске сала кетсек,  Аида Саляновага «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Бирок, мыйзамдарга ылайык ал жазаны үч жашар кызы 14 жашка толгондо өтөй турган болгон. Кийин бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ошондон улам 2018-жылдын 3-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти «саясий буюртманын» негизинде козголгон деп эсептейт. Бирок Салянова бүгүн соттун алдында өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгараарына ишеним артып жатканын билдирген.

Сүрөт:Азаттык

Количество просмотров: 12