Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда мурдагы прокурорго баш коргоо боюнча чыкчу чечимди апасы, бир туугандары жана көрүнүктүү саясий өкүлдөр келип күтүштү.
Ал эми баш коргоо боюнча чечим 5-июнга жылганы тууралуу А.Салянованын апасы өз оюн билдирди.
«Бүгүн саат түшкү 12 де келип, азыркыга чейин күттүк. Эми эртеңкиге жылып калды. Кудайдын улуу күнүндө кандай сот болот билбейм. Бул күнгө жылганы туура эмес. Бүткүл дүйнө каршы болгон күндө дагы, кудай каалабаса эч нерсе болбойт. Ошондуктан бир гана кудайга ишенем»,-дейт апасы Майрам Жусупова.