Бишкек.12.07.2019.Govori.TV
ЖАМКтын дарыгерлер комиссиясынын өкүлдөрү Аида Салянованын ден соолугун текшеришти. Бул тууралуу аталган ведомсвтодон билдиришти.
Белгилүү болгондой, Салянованын абалы канааттандырарлык. Ал бейтапканага жаткырууга муктаж эмес. Тиешелүү болгон жардамды экс-башкы прокурор 1-абактын медициналык бөлүгүнөн алып жатат. ЖАМК Аида Салянова кармалган жайы тууралуу арыз-даттануусу дагы жок экенин кошумчалады.
Ал эми Салянованын жактоочусу Рабига Садыкова жүрөк оорусу бар аялды камакта кармоо кыйноо деп эсептээрин айткан эле.
Эске салсак, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган.