• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Салянованын инисинин сотунда судья кылмышкерлерге жан тартып жатабы?

4 Жалган куран 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Улан Саляновдун өлүмүн териштирген соттук отурумда судья толук жооп алууга мүмкүнчүлүк түзбөй жатканын Саляновдун туугандары айтып чыгышты.

«Улан Саляновду олтурууну уюштурган Абыкуловдун көрсөтмөсүндө өлтүрүүгө чейин 4-5 ай мурун 2017 жылдын май, июнунан баштап Аида Саляновага карата каралоо кампаниясына Абыкуловду УКМК коркутуп катыштырган. Ал өлтүрүүгө чоң кызматтагы адамдардын тиешеси бар деп айтты. Бирок алардын үстүндө ким турган деген Салянованын суроосун судья алып салып Абыкуловду бул суроого жооп бербей эле кой деди. Өлтүрүүнүн уюштуруучусу 20 жолу жоопко тартылыптыр», — деп айтылат алардын билдирүүсүндө.

Буга чейинки болгон соттук отурумда кылмышка шектүүлөр Эрмек Осмонкулов жана Асанэмир Абыкулов көрсөтмө беришкен.

Сотто шектүү Эрмек Осмонкулов буга чейин тергөөдө айткан көрсөтмөлөрүнөн баш тартарын жарыялаган. Ал муну тергөө маалында кыйноого кабылганы менен түшүндүрдү. Осмонкулов буга чейин Улан Саляновду атып өлтүргөн тапанчаны шектүү Асанэмир Абыкулов бергенин айткан эле. Эми сотто Саляновдун үйүнө таанышынын карызын алыш үчүн барып, уруша кеткен учурда атып салганын айтып жатат.

Ал эми экинчи шектүү Асанэмир Абыкулов кылмыш болгон жерге таанышы Эрмек Осмонкуловдун чакыруусу менен барганын, бирок кылмыш болгон учурда машинеде отурганын айткан болчу.

Количество просмотров: 558