• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Саляновдун өлүмү боюнча экинчи шектүү кармалды

25 Бугу 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү деп эсептелген экинчи киши Москвадан Бишкекке жеткирилди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24-майда билдиргендей, шектүү 1983-жылы туулган, Токмок шаарынын тургуну Асанэмир Абыкулов. Азыр ал баш калаадагы №1 тергөө абагында.

Абыкулов Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөн. 2018-жылдын январында Москвадан кармалганы кабарланган, бирок Кыргызстанга өткөрүлө элек болчу.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.​

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпы үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов гана 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Москвадан кармалганы айтылган Асанэмир Абыкулов эми экстрадицияланып отурат. Үчүнчү шектүү, орус жараны Заур Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.

Аида Салянова инисинин өлүмүн «саясий буюртма» десе, милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келе жатат.

Буга чейин Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан деген Эрмек Осмонкулов Ошто ишкерди карактоого шектүү экени ачыкка чыккан.

Количество просмотров: 3