• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салык декларациясын тапшыруу 2-апрелге чейин узартылды

30 Жалган куран 2018 16:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен салык декларациясын кабыл алуу 2-апрелде да уланат. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз борбору билдирди..
Андыктан декларация тапшырууга үлгүрбөй калган жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2-апрелде да тапшыра алышат.
Маалыматта «Жарандарга ыңгайлуу болуу үчүн бардык салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) дем алыш күндөрү жана 2-апрелде саат 9.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алышат», -деп жазылат.
Белгилей кетсек, буга чейин  саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар,  аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлери, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары  декларация толтурууга милдеттүү деп салык кызматынан билдиришкен.
Мындан сырткары 2-апрелге чейин мыйзамда белгиленген мөөнөткө чейин декларация толтурбаса мамлекеттик кызматкерге 2000сом өлчөмүндөгү администрациялык айып салынарын кошумчалган.
Количество просмотров: 18