• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Салык кызматы депутат Камчыбек Жолдошбаевдин үйүн жана мүлкүн текшерет

8 Кулжа 2018 11:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.06.2018.Govori.TV.
Салык кызматы 1-июлдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин салык декларацияларын текшерүүнү баштайт. Анын алкагында буга чейин маалымат каражаттарында жарыялаган Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин үйү жана мүлкү текшерилет. Бул тууралуу Салык кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.
Буга чейин KaktusMedia басылмасы Бишкекте депутат Жолдошбаев жашаган үй тууралуу кабар чыгарган. Борбор калаанын Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкесинде салынган чоң үйдө депутат жашарын анын жардамчысы жана турак жайдын күзөтчүлөрү бышыкташкан. Бирок бул үй Жолдошбаевдин мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес.
Ал эми Клооп басылмасынын журналисттери аталган үй “Беш-Сары” компаниясына катталганын жазып чыкты.
Бул кабардан соң Салык кызматы алгачкылардын болуп депутат Жолдошбаевдин декларациясы текшерилиши мүмкүн экенин билдирди.
KaktusMedia жазгандай,  депутат 2015-жылкы декларациясында 90 миң сом иштеп тапканын,  2016-жылы болсо болгон кирешеси 784  миң сом болгонун, анын ичинен негизги жумушунан 171 миң сом гана маяна алганын  билдирген. Мындан тышкары анын туугандары “Турук”  көмүр кенинде көмүр казаары жана Бишкектеги “Бешсары” базарына ээлик кылаары белгилүү.
Ал депутаттыкка чейин өкмөттүк жумуштарды аркалаган эмес, ишкерликтен келгени белгилүү. Ошондой эле сырткы карызды төлөө боюнча каражат чогултууну байларга сунуш кылганы менен белгилү
Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев жөө жүргөн кесиптештеринен уялып, “шапкесин баса кийип жүрөөрүн”  ЖКнын жыйындарынын биринде айткан жайы бар.

 

Количество просмотров: 16