• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Салык кодексин өзгөртүү демилгеленүүдө

8 Кулжа 2022 17:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Данияр Төлөнов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу ата мекендик уюмдарды жана эмгек мигранттарын колдоо, ошондой эле бул ишканалардын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине салыктык чегерүүлөрүн көбөйтүү үчүн коомдук тамактануу субъекттери үчүн салыктык түйшүктү төмөндөтүү болуп саналарын белгиледи.

Тагыраагы, коомдук тамактануу үчүн салыкты төмөнкүдөй өлчөмдө аныктоо боюнча сунуштар киргизилгенин белгиледи.

1) Бишкек жана Ош шаарларында

а) 6 пайыз – накталай формада;

б) 4 пайыз – накталай эмес формада;

2) Кыргыз Республикасынын калган аймагында:

а) 5 пайыз – накталай формада;

б) 3 пайыз – накталай эмес формада.

Количество просмотров: 75