• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Салык кызматы 8 айда 618,5 млн сом унаа салыгын чогултту

18 Аяк оона 2018 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2018-жылдын январь-август айларында 4-топтогу кыймылдуу мүлк (унаа) салыгы боюнча  618,5 млн сом чогултулган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 18 млн сомго көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 1-топтогу кыймылсыз мүлк салыгын (турак үйлөр жана батирлер) чогултуудан бюджетке  69,9 млн сом келип түшүп, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6 млн сомго көп болгон.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 796,0 млн сом жер салыгы чогултулуп, өткөн жылдын дегээлинен 52,6 млн сомго көп болгон.

1 жана 4-топтогу мүлк салыгынын белгиленген мөөнөтү аяктагандыгына карабастан, МСК салыктын бул түрлөрү боюнча өз убагында төлөөгө жетишпей калган салык төлөөчүлөрдү азыр төлөөгө чакырат. Эскерте кетсек, унаа каражаттарына болгон салыкты төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаса, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган. Үстүбүздөгү жылы дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу, салыктын бул түрлөрүн кабыл алуу мөөнөтү 4-сентябрда аяктаган.

Количество просмотров: 27