• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Салык кызматы декларация тапшырууну эскертти

23 Жалган куран 2021 11:28 Бишкек Govori.TV

Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин, демалыш күндөрдү кошкондо, эртең менен саат 09.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат.

«Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин деле тапшырса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
  • менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле «116» кыска номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Количество просмотров: 70