• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салык кызматы: I жана II турда утушка ээ болбогон билеттер кийинки турга катышат

5 Тогуздун айы 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын I жана II турунда байге утпаган катышуучуларынын электрондук билеттери үчүнчү утушка катышуу укугун сактап калышат.

Мамлекеттик салык кызматы эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этабына андан ары катышуу укугунан ажырай тургандыгын билдирет.

Эскерте кетсек, акыркы – үчүнчү лотереялык утуш ушул жылдын 30-декабрында өтөт.

Үчүнчү турга 2022-жылдын 1-октябрынан 29-декабрына чейин берилген кассалык чектер, ошондой эле биринчи жана экинчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Лотереяга катышуу үчүн смартфонуңузга «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоо жол-жобосунан өтүү жана товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда милдеттүү түрдө берилүүчү кассалык чектердин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.

Кассалык чек талап кылыңыз, бул керектөөчү катары өзүңүздүн укугуңузду коргоо, ошондой эле «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелеринин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз.

Количество просмотров: 131