• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Салык кызматы: Жарандар соода кылууда кассалык чекти талап кылуусу керек

2 Бирдин айы 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

 Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.

Маалыматка ылайык, ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиши керек. Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ.

Бирок, кардарларга слип-чек же эквайринг чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилүүдө. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.

Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тактап айтканда анда төмөнкүлөр болушу абзел:

– субъект жөнүндө, башкача айтканда сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;

– төлөөнүн формасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;

– сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.

Количество просмотров: 84