Бишкек шаарындагы салык кызматында справка алуу үчүн чоң кезек күткөндөр көбөйдү. Бул тууралуу Govori. TVга жеринен күбөлөр билдирди.
Мындай чечимге айрым жарандар нааразычылыктарын айтышууда. Аталган аныктамалар Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге керектелет.
Кошумчалай кетсек, комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн, 11-майдан тарта жокко чыгарылды. Анын үстүнө, жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат. Жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбай турганын кечээ, 10-майда Республикалык ыкчам-штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген болчу.