Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 200 миң сом пара талап кылган Салык кызматынын кызматкерин кармашты. Аталган органга бир жаран арыз менен кайрылып, Жалал-Абад шаардык салык кызматынын кызматкери пара талап кылганын билдирген.
Анда чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бул иштин алкагында 3-октябрда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, талап кылынган паранын алгачкы 80 миң сом өлчөмүн алуу учурунда аталган мекеменин кызматкери колго түшкөн.
Ал учурда Биринчи май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.