• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Салык кызматынын темир тосмосу алынды

17 Үчтүн айы 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Административдик имараттардын аймагындагы темир тосмолор алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинде жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынган. Жана Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Кусаин Кольбаев атындагы Бишкек автожол колледжинин боюндагы тосмолор демонтаждалган.

Бишкек шаардык мэриясы кошумчалагандай, тосмолор «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында алынып жатат.

Эске салсак, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы темир тосмолорду алып салышкан болчу. Бул чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылган.

Количество просмотров: 97