• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүштү

20 Үчтүн айы 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекитилген графикке ылайык, салык органдарынын “бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр ушул жылдын 28-январына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз менен кайрылышы керек.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон атайын салык режимдеринин негизинде салык төлөгөн төлөөчү Салык кодексинде белгиленген салык режимин тандоо тууралуу арыз менен.

Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчү КНС төлөөчү катары каттоо же атайын салык режимине өтүү жөнүндө арыз.

Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Толук маалыматты 116 номеринен же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Количество просмотров: 340