• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен». Жапаров соодагерлерге кайрылды

5 Бештин айы 2023 13:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болгон соодагерлер менен жолугушууда.

Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышып, бир катар нааразы пикирлерин айтышты.

Чогулгандардын суроо-талабын уккан президент Жапаров 2 күндөн бери бул маселени изилдеп чыкканын айтты.

«Мен өкмөт менен силердин ортоңуздарда элчимин. Өкмөткө дагы, силерге дагы тартпайм. Мамлекетте тартип келтирип, ирээтке келтиришим керек. 2 күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Июль айына чейин кандай иштеп жатышса ошондой токтотуп тургула деген тапшырма бердим. Анткени салыкчыларыбыз буга өздөрү даяр эмес экен. Бүгүн дагы салыкчылар силердин патент менен калышыңарга кызыкдар. Эртеби, кечпи акыры ирээтке келтиребиз»,-деди Жапаров.

Мындан тышкары мамлекет башчы Министрлер кабинетине бул жаатта тапшырма бергенин кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 151