• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салыктык текшерүүгө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизилди

10 Чын куран 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Салыктык текшерүүлөрдү токтото туруу жөнүндө чечим Өкмөттүн ушул жылдын 30-мартындагы буйругу менен бекитилген коронавирус пандемиясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасир тийгизүүлөрдү азайтуу боюнча өкмөттүн биринчи кезектеги иш-чаралар планынын алкагында кабыл алынды.

Чектөө төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

— товарлардын акцизделчү тобун өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбалык субъекттерди пландуу текшерүүлөргө;

— уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган жана жеке ишкердин иши токтотулган учурда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөргө;

— өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн салыктарды туура эмес эсептөө фактысы тууралуу күбөлөндүргөн, документ жүзүндө тастыкталган маалыматты салык органы алган учурда пландан тышкары текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө;

— өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин камералык текшерүүлөргө.

Количество просмотров: 83