• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Салымбеков беткаптарды Кытайга бергиче, Кыргызстанга бербейби

5 Бирдин айы 2020 9:35 Бишкек Govori.TV

«Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков «биздин коңшу Кытай элинин башына оор иш түшүп турганда ар кандай ушактарга жол бербей, достук мамилени көрсөтүү менен сабырдуулукка чакырам», деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал Кытайга жөнөтүү үчүн 50 миң маска алып, Кыргыз Республикасынын ӨКМне тапшыруу чечимин кабыл алды.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2600985060226025&set=a.1439049993086210&type=3&theater

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдагы вируска байланыштуу абалды жөнгө салыш үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин маалымдаган.

Социалдык тармактарда ишкердин Кытайга жардам берүү ниетин сындагандар бар. Алар Кыргызстандын өзүндө медициналык беткап жетишпей жатканын айтып жатышат.

Количество просмотров: 734