Бишкек шаардык сотунун алдында экс-депутат Карганбек Самаковду колдоп келген митинг уюштурушту. Бүгүн саат 14-00 дө сот процесси уланып, өкүм чыгыш керек.
Эскерте кетсек Карганбек Самаков менен бир нече адам Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка айылдарындагы 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталышууда. Октябрь райондук соту Дамирбек Назаров Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.
Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Кубанычбек Самаков, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдинов 8 жылга эркинен ажырап, мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөшүүдо.
Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев сыртынан соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Азыр алар издөөдо. Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы Айыл-чарба министри Искендер Айдаралиевге 5 млн сомдон айып салынган.