• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Самара Каримова башкаларды жиндентип 15 күндүк концерт коюп жүрөбү?

15 Үчтүн айы 2019 17:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV

Ырчы Самара Каримованын жаңы жылдын урматына өткөруп жаткан 15 күндүк концерти аягына чыгат. Бул тууралуу ырчы айым инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Постто: “Бүгүн ярварь айындагы эң акыркы концерт, 15-концерт. Эң кызыктуу, эң соонун жыйынтыктоочу концерттен көрүшкөнчө” –деп жазды.

Концерт тууралуу жүктөлгөн ырчынын ар бир постуна эл ар түрдүү пикирлерди жазып калтыруура.

Интернет колдонуучуларынын бири Рустам Анарбаевич:

“Былтыр ошто Тынар экөөбүз концерт коебуз десек Ошто, театр бош эмес Самара 15 күндөн бери концерт коюп жатат деген эле. Быйыл да башка артисте жинденип жүрөбү деймда”, –деп пикир калтырды.

Мындай пикирге Самара Каримова:

“Драм театр, Филармония, Бабур театры, бош эле турат. Өзүбүз ремонт кылган 850 орундук Кыргызстан кинотеатрында койдук. Эркек болуп туруп деле майдалана берет экенсизда”, –деп кесе жооп узатты.

Ырчы концертке элди мажбурлап алып келет экен деген маалыматтар тараганына карабай талыкпай эмгектенип кайра-кайра концерт берүүдөн чарчабай келет.

Эске салсак, 2018-жылдын башында да Самара Каримова алгачкы 15 күндүк концертин берип элди таң калтырган эле.

Булак: “Барометр” сайты

Количество просмотров: 11