Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине ылайык ыйгарым укуктарынын чегинде, Министрлик менен Каримова Самаранын ортосунда келип чыккан эмгек талаш-тартыштарынын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул болбой 2021-жылдын 15-январында апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бир катар бузулушуна жол берген:
Ошондой эле, сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган мурдагы министр тарабынан берилген. 2020-жылдын 14-октябрында жаңы министр Н.Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчиси же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлуп, ошол уюмдун мөөрү басылышы керек.
Белгилей кетсек, эми апелляциялык арызды кароо Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык сотунда жүргүзүлөт.
Ошондой эле, бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.